• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Каракол шаарында футбол боюнча кыздар арасында эл аралык мелдеш өтөт

Спорт 0

Бишкек, 20.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Каракол шаарында футбол боюнча кыздар арасында эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти.

"Үмүт кубогу" мелдеши Каракол шаарындагы борбордук стадиондо 8-12-сентябрь күндөрү өтүп, ага Кыргызстан, Өзбекстан, Непал жана Тажикстандын курама командалары катышат.

Мурунку жылы аталган оюн Бишкекте өткөрүлүп, өспүрүмдөр арасындагы Кыргызстандын курама командасы (U-16) үчүнчү орунга татыган. Анда кыздар арасында түзүлгөн команда Тажикстандын командасын 1:0 эсебинде утуп, Казакстандын командасына 1:5 эсебинде утулуп калган. Андан кийин Өзбекстандын командасы менен 2:2 эсебинде тең чыгып, үчүнчү орунду алган.

Анда "Үмүт кубогу – 2018" мелдешин Казакстан жеңип алса, Өзбекстандан келген команда экинчи орунга татыган.

Пикир

Оставить комментарий