• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Каракол шаарында жаңы мечит колдонууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 23.11.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында “Керим Ажы” мечити кодонууга берилди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы мечит жергиликтүү ишкер Нурлан Керимовдун демилгеси менен салынып, 100дөн ашуун киши бата тургандай, бардык шарттары менен курулган.

Мечиттин ачылышы салтанаттуу түрдө өткөрүлүп, саамалыкка Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс ажы Ибраев, Ысык-Көл облусунун мурунку казысы Шакир ажы Маматов жана учурдагы облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков, жергиликтүү тургундар катышты. Өз кезегинде Алмазбек ажы мечит салууга демөөрчү болгон Нурлан Керимовго ыраазычылыгын билдирип, жаңы мечитке төрт даана Курани Карим китебин белеке берди.

Мечитке Нурлан Керимовдун атасы, Ысык-Көл облусунан биринчилерден болуп ажылык сапарга барып келген Керим ажынын ысымы ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий