• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Каракол шаарында жол кырсыгынан 2 жана 7 жаштагы кыздар каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 05.05.22. /Кабар/. Кечээ, 4-майда Каракол шаарында жол кырсыгы катталып, эки өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Каракол шаарынын тургуну 1974-жылы туулган Ю.Ф. өзүнө тиешелүү оң рулдуу «Тойота-эстима» унаасы менен бара жатып, рулду башкара албай бордюрду сүзүп, ала салып кеткен.

Айдоочунун айтымында, ал унаа башкарып бара жатып, кыздарына алаксып калган. Натыйжада, айдоочунун кыздары 2015-жылы туулган Ю.Н. окуя болгон жерде, 2020-жылы туулган Ю.Р. аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Ал эми аталган унаанын айдоочусу Ю.Ф. жана анын жүргүнчүлөрү 2011-жылы туулган Ю.С. менен 2013-жылы туулган Ю.З. дене жаракаттарынан улам оорукананын травматология бөлүмүнө жаткырылышкан.

ЖКККББы жол кыймылынын бардык катышуучуларын жол эрежелеринин талаптарын билүүгө жана аны сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий