• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Каракол шаарындагы “Иброхим Ажы” мечити оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 22.09.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы “Иброхим Ажы” мечити оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Бул туурасында Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө мечиттин дааватканасы, ашканасы бүткөрүлүп, кышка карата даярдыктар башталды.

Ошондой эле ал мечиттин ичи-сыртын, айланасын тазалоо, кышка даярдык көрүү, жылуулугун камсыздоо иштери боюнча Каракол шаарынын бардык имамдарына тапшырма берилгенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий