• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Каракол шаарындагы райондордун биринде алгачкы ирет таза суу пайда болот

Аймак 0

Бишкек, 02.09.20 /Кабар/. Каракол шаарындагы жаңы конуштардын биринде алгачкы ирет суу түтүк түйүнү пайда болот. Бул тууралуу Каракол суу канал башкармалыгынын жетекчиси Сабырбек Өмүрканов маалымдады.

Анын айтуусуна караганда, аталган долбоорду Катар фондунун жардам менен ишке ашырууга мүмкүн болгон. Бүгүнкү күнгө карата 1 миң 300 метр суу түтүгү орнотулган. Учурда суу түтүктөрүн туташтыруу иштери жүрүп жатат.

Ведомстводон жумуш жакын арада бүтөт деп убада кылышты.

Белгиленгендей, жашоочулар үйлөрүнө суу жеткирүүнү өз алдынча жүргүзүшү керек болот. Суу канал борбордук суу түтүктөрүн өткөрүү менен гана алектенет.

Пикир

Оставить комментарий