• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Каракол шаарындагы шамалдан келтирилген чыгым 394 550 сомду түздү

Аймак 0

Бишкек, 30.06.20. /Кабар/. Каракол шаарындагы шамалдан келтирилген чыгым 394 550 сомду түздү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 2020-жылдын 27-июнь күнү саат 14:45 чамасында секундасына 25 метрге жеткен (Бофорт шкаласы менен) шамал катталып, Масалиев көчөсү №45 дарегинде жайгашкан “Май Хотел” мейманканасынын кампасынын 475 чарчы метр түзгөн темир чатырын учуруп кеткен. Жабыркагандар жок.

28-июнь күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. 29-июнь күнү комиссия тарабынан акт түзүлүп, шамалдан келтирилген чыгым 394 550 сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий