• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Каракол шаарынын ички иштер бөлүмү менен сотунда балдарга аяр мамиле жасоого арналган атайын бөлмөлөр ачылууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.12.17 /Кабар/. 2014-2018-жылдарга Балдар үчүн юстиция боюнча мамлекеттик программасынын алкагында Каракол шаарындагы ички иштер бөлүмү менен сотунда балдарга аяр мамиле жасоого арналган атайын бөлмөлөр ачылууда. Иш-чаранын ачылуу аземине Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, Улуу Британиянын элчиси Робин Орд-Смит, БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Ирина Карамушкина балдар үчүн натыйжалуу сот адилеттигин өнүктүрүү парламент менен өкмөттүн артыкчылыктуу багыты экенин баса белгиледи. «Ювеналдык юстиция боюнча координациялык кеңештин чечими менен ушул эле моделди кошумча эки башка райондо – Каракол шаарында жана Сузак районунда киргизүү тууралуу чечим кабыл алынган. Программа мыйзам менен тил табыша албай жаткан, кылмыштын курмандыгы жана күбөсү болгон балдар үчүн аяр мамиле жасаган жол-жоболорду иштеп чыгуу максатын көздөйт», - дейт ал.

Эл аралык стандарттарга ылайык, мыйзам менен тил табыша албай жаткан балдар үчүн калыбына келтирүүчү сот адилеттигинин ыкмаларын жана балдарга аяр мамиле жасаган жол-жоболорду колдонуу зарыл. Кылмыштын курмандыгы жана күбөсү болгон балдар алардын кызыкчылыктарын эсепке алган сот адилеттигине жана балдарга өзгөчө аяр мамиле жасаган жол-жоболорго жете алгыдай болушу керек.

Балдар административдик жана жарандык жол-жоболордо юридикалык консультациялар жана акысыз юридикалык жардам аркылуу сот адилеттигине жете алышат. “Милицияда жана сотто балдарга жылуу жана аяр мамиле жасаган жол-жоболорду түзүү үчүн эл аралык стандарттарды сактоо зарыл”, - деп белгиледи БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо. “Бардык жол-жоболор, иликтөөлөр, маектешүүлөр жана соттук угуулар ар бир баланын кызыкчылыктарына шайкеш жүрүшү керек”, - деп кошумчалады ал.

Улуу Британиянын элчиси Робин Орд-Смит мыйзам менен тил табыша албай жаткан балдарга кандайдыр бир басмырлоосуз сот адилеттигине жеткиликтүүлүк камсыздалса, алардын мамлекеттик жана тартип коргоо органдарына болгон ишеними жогорулай турганын белгиледи. «Алар акыйкаттыкты диний же экстремисттик идеологиядан издебей калышат жана мамлекеттик мекемелер менен мамлекеттик аткаминерлердин жардамына ишенишет”, - дейт ал.

Балдарга аяр мамиле жасаган бөлмөлөр ЮНИСЕФтин көмөгү жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлигинин (DFID) каржылык колдоосу менен түзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий