• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Каракол шаарынын кире беришинде Манас жана жети акенин сүрөтү тартылган монумент тургузулууда (сүрөт)

Аймак 0

Бишкек, 14.08.19. /Кабар/. Каракол шаарынын кире беришинде, Ж.Абдрахманов жана Н. Пржевальский көчөлөрүнүн кесилишинде 13-август күнү Манас жана жети акенин сүрөтү тартылган монументти тургузуу боюнча иштер башталды.

“Кабар” агенттигине шаардык мэриядан билдиришкендей, монумент тургузулуучу аянттын диаметри 30 метрди түзөт. Бийиктиги 4 метрди түзгөн темир конструкция тургузулат.

“Келген коноктор шаарга кире бериштен эле Манастын сүрөтүн көрүшөт. Ошондой эле жети акенин – Садыр Аке, Кыдыр Аке, Мойт Аке, Карга Аке, Сарт Аке, Тилекмат Аке, Карач Акелердин сүрөттөрү турат”, - деп билдиришти мэриядан.

Монументти тургузууга жергиликтүү калк демөөрчүлүк кылууда.

Пикир

Оставить комментарий