• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Каракол шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. Каниметов Адыл Жанкорозович Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын премьер-министри Садыр Жапаров кол койду, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

«Бул чечим «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 6-бөлүгүнүн 9-пунктуна ылайык кабыл алынды», - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий