• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Каракол шаарынын тургуну Оштон келген досунан коронавирус жуктуруп алган - Осмоналиев

COVID - 19 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. Каракол шаарынын тургуну Оштон келген досунан коронавурус жуктуруп алган. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, коронавирус жуктурган жаңы учур Каракол шаарында жашаган жигиттен табылган.

“Буга чейин ал Оштон келген досунан илдетти жуктуруп алган. Бирок коронавирус жуктурткан жаран кайра Ошко кетип калган”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 37 жаңы учур аныкталып (Ысык-Көл облусунда 3 учур), COVID-19 вирусун жуктуруунун 1936 учуру катталды. Алардын ичинен 378и медицина кызматкери. Илдеттен 1340 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 22 адам каза (+2 учур бүгүн катталды) болду.

Пикир

Оставить комментарий