• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Каракол суусуна чөгүп кеткен кишинин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 02.08.20. /Кабар/. Каракол суусуна чөгүп кеткен кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 1-августта Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Тельман жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги Каракол суусуна эркек киши (аты-жөнү такталууда) чөгүп кеткен.

Бүгүн жерине издөө-иштерин улантуу үчүн саат 07:10до Каракол шаардык №15 ӨКБдан 16 куткаруучу тартылып, саат 08:30да маркумдун сөөгүн табышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий