• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Караколдо жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттордо видеорегистратор орнотулууда

Аймак 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Караколдо жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттордо видеорегистратор орнотулууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жайкы туристтик мезгилде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана коомдук транспорттордо ар кандай кылмыш фактыларынын алдын алуу, ошондой эле айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн ортосунда чыр-чатактарды болтурбоо максатында Каракол шаардык ички иштер бөлүмү боюнча жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген автоунааларда видеорегистраторлорду орнотуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Видеорегистратор – автоунаанын жолдо бара жаткан кыймылын, ошондой эле салондун ичиндеги абалды бир эле учурда видеокөзөмөлдү жүргүзүү функцияларына ээ.

Каракол ШИИБи боюнча ЖКККБнын улук тескөөчүсү, милициянын капитаны Мунарбек Асаналиевдин айтымында, облус борборунда жүргүнчүлөрдү ташуу менен 5 ишкана алектенет, алардын балансында 385 кичи автобус жана 20 автобус бар. Каракол шаарынын ичинде күн сайын 55 кичи автобус каттайт. Мындан тышкары, аймак жана облус аралык каттамдар дагы жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө аталган ишканалардын унааларынын 75 пайызы жогоруда айталган видеорегистраторлор менен жабдылган.

“Видеорегистраторлор - биздин жарандарыбыздын коопсуздугун сактоодогу эффективдүү чарасы. Аталган жабдууларды орнотуу менен уурулукка каршы күрөшүүгө, мүлктү бузган жүргүнчүлөрдү табууга жана айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн ортосунда келип чыккан чыр-чатактарды жөнгө салууга жардам берет. Мындан тышкары, айдоочулар жол эрежесин бузуудан этият болушат. Ошондой эле жол кырсыктарынын жана ар кандай башка кырдаалдардын күнөөлүү адамдарды аныктоого көмөктөшөт”, - дейт Мунарбек Асаналиев.

Пикир

Оставить комментарий