• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Каракол жана Кечиөрен шаарларынын делегацияларынын өз ара иш сапарлары уюштурулат

Коом 0

Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетинин башчысы Тургут Алтынок менен жолугушту.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Каракол жана Кечиөрен шаарларынын делегацияларынын өз ара иш сапарларын уюштурууну макулдашты.

Ошондой эле Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы боордош шаарлардын өнөктөштүгүнүн алкагында айрыкча мектептерди, бала бакчаларды жана ооруканаларды куруу боюнча биргелешкен социалдык долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Жолугушуунун соңунда элчи Казакбаев Тургут Алтынокко кыргыз-түрк маданий кызматташтыгын чыңдоого көрсөткөн жигердүү жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий