• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Караколдо 31 миллион сомго китепкана курулат

Аймак 0

Бишкек, 13.11.21. /Кабар/. Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти Ысык-Көлдүн Каракол шаарына китепкана курууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталы билдиргендей, пландалган сумма 31 миллион 18 миң 102 сомду түзөт. Тендерге катышуу үчүн билдирмени берүүнүн акыркы мөөнөтү 26-ноябрга чейин.

Китепкананы куруу 2022-жылдын 1-августуна чейин жүргүзүлүшү керек.

Пикир

Оставить комментарий