• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Караколдо 40 млн.сомго бала бакча салынат

Коом 0

Бишкек, 28.03.19. /Кабар/. Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча Департаменти Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 120 орундуу бала бакча салууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулардын сайтында кабарлангандай, 40 млн. 22 миң 400 сом көлөмүндөгү каражат бөлүү пландалууда.

Сынакка арыздарды кабыл алуу 18-апрелге чейин жүргүзүлөт.

Бала бакча Карасаев жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишине салынат.

Пикир

Оставить комментарий