• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Караколдо 6 күн мурун жоголгон үч баланын энеси табыла элек

Кырсык 0

Бишкек, 2-август /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлери Караколдо жоголгон 29 жаштагы Екатерина Лященкону издеп жатат. Ал 27-июлда жумушка чыккан бойдон үйүнө кайтып келген эмес.

“Ал “Азия Банкынын” Ысык-Көлдөгү бөлүмүндө иштеген. Күйөөсү кыргыз, үч баланын энеси. Шаар кичинекей, мен алардын үй бүлөсүндө баары жайында экенин билдим. Ошол күнү көптөр аны борбордо көрүшкөн экен”,-деди Ысык-Көл ички иштер бөлүмүнүн маалымат катчысы Сталбек Усубакунов.

Милицияга арыз менен анын апасы кайрылган.

Ошондой эле, ички иштер бөлүмүнөн Лященко жоголоордун алдында жумуштан чыгып кеткенин четке кагышты.

Териштирүү иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий