• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Караколдо 85 жаштагы карыя иске ууланып каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 31.05.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 85 жаштагы карыя иске ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Каракол шаарындагы Каралькова көчөсүндө жайгашкан турак үйдө төшөнчүлөр күйгөн. Өрттүн кесепетенинен 1937-жылы туулган Ф.В. аттуу эркек адамдын түтүнгө ууланган сөөгү табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий