• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Караколдо Абдрахманов көчөсүнүн оңдоо иштери аяктап, колдонууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Каракол шаарынын Абдрахманов көчөсүндө оңдоп-түзөө иштери аяктап, колдонууга берилди. Бул тууралуу Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага КР өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун жетекчеси Алдаярбек Тойгоналиев, шаар мэри Адыл Каниметов жана Каракол шаарынын депутаттары, жашоочулары катышты.

Жолдун узундугу 1200 метрди түзөт. Оңдоп-түзөө иштери Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, жалпы суммасы 74 млн 730 миң сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий