• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Караколдо адашып кеткен 11 жашар кыз табылды

Аймак 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. Каракол шаарында адашып кеткен 11 жашар кыз табылып, аман-эсен атасына өткөрүп берилди. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 11 жаштагы кыз Ак-Суу районунан Каракол шаарына өз алдынча келип адашып кеткен. Кыздын адашып кеткенин жергиликтүү Асел аттуу тургун байкап калып, Каракол шаардык милициясынын нөөмөт бөлүмүнө кабарлап, адашкан өспүрүм жөнүндө билдирген.

Кыз Ленин жана Коенкөзов көчөлөрүнүн кесилишинен табылган. Сүйлөшүү учурунда кыз 2011-жылы туулгандыгы жана ал Ак-Суу районуна караштуу Чолпон айылында жашары белгилүү болгон.

Кыздын айтымында, ал айылдан маштруттук такси менен 20 сом төлөп өзү жалгыз келип, андан соң шаардык №106 маршруткага түшүп, шаарда жашаган бир тууган эжесинин үйүнө бара жатып, үйдү таппай адашып калган.

Белгилүү болгондой, кыз үйдөгүлөрүнүн уруксаатысыз шаарга келген. Өспүрүм атасына аман-эсен тапшырылды

Кыздын атасына профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, акт түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий