• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Караколдо «Бирдиктүү алдын алуу» аталышындагы иш-чара өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 19-январда Каракол шаарында жол коопсуздугун камсыз кылуу кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан «Бирдиктүү алдын алуу» аталышындагы иш-чара өтүүдө. Бул тууралуу Каракол шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Каракол ШИИБнин жаш өспүрүдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрү жана жол кыймылынын кызматкерлери менен бирдикте мектептердин окуучуларына жол эрежелерин сактоо боюнча ачык сабактарды өтүп, өздөрүн көчөлөрдө кандай алып жүрүшүн жана жол белгилеринин маанисин түшүндүрүп беришти. Андан соң, жол коопсуздугунун тескөөчүлөрү окуучулар менен мектептин жанындагы көчөлөрдө практика жүзүндө жол эрежелеринин талаптарын көрсөтүп беришти.

Аталган иш-чара менен милиция кызматкерлери айдоочуларга жана жол кыймылынын башка катышуучуларына алардын балдардын өмүрүн сактоодо жана жол коопсуздугунда ээлеген ордун эскертишти. Себеби, айдоочулардын көпчүлүгү биринчи кезекте ата-энелер болуп эсептелгендиктен, жол кыймылы менен байланышкан балдардын коопсуздугун камсыз кылуу керек.

"Бул иш чаранын максаты - балдар менен өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын, жол эрежелерин бузуунун алдын алуу жана жол эрежелерин сактоого багытталган», - деп билдиришти мекемеден.

Пикир

Оставить комментарий