• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Караколдо декабрь айында катталган 8 уурулук кылмышынын бети ачылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.12.22. /Кабар/. Караколдо шаарында декабрь айында катталган 8 уурулук кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Каракол ШИИБдин кызматкерлери шаардын аймагында катталган уурулук кылмыштарынын бетин ачуу боюнча ыкчам иш-чараларды жүргүзүп, ушул жылдын декабрь айында эле катталган сегиз урулук фактысынын бетин ачууга үлгүрүштү.

"Аталган сегиз урдоо кылмыш ишинин алты фактысы Каракол шаарынын 30 жаштагы тургуну М.О. тарабынан жасалгандыгын аныктап, тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Ал эми калган эки уурулук кылмышы 1984-жылы төрөлгөн А.Р. жана 18 жаштагы тургуну М.К. атту жаран тарабынан жасалганы аныкталган", - деп айтылат маалыматта

Учурда бул кылмыштар боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 205 ("Урдоо") беренеси менен кылмыш иши козголду.

Белгиленгендей, шектүүлөр Каракол шаарынын жашоочуларынын үйлөрүнө жашыруун киришип, азык-түлүк, акча каражаттарын, тиричилик техникаларды, уюлдук телефондорду жана мал уурдашкан. Жабырлануучуларга жалпы 237 миӊ сомдук зыян келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий