• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Караколдо Эл аралык аялдар күнүнө арналган иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 7-март /Кабар/. К.Жашөнтөшев атындагы Каракол шаардык драма театрында 8-март Эл аралык аялдар күнүнө арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Облус башчысы Асхат Акибаев облустун аялдарын жаз майрамы менен куттуктап, айымдар менен ар бирибиздин жашообуз жарык, жылуу жана маанилүү экендигин өзгөчө белгиледи.

“Сиздердин ишеним менен колдоо бизге күчтүү болуп, бардык кыйынчылыктарды жана каатчылыктарды жеңүүгө жардам берет. Биз сиздер менен сыймыктанабыз. Сиздер эң назик жана сулуу, күчтүү жана кайраттуусуздар. Чоң энелерибиз жана апаларыбыз салттарыбыздын, тилибиздин жана маданиятыбыздын сактоочулары. Сиздерге бекем ден соолук, сүйүү, үй-бүлөлүк бакыт жана жакшылыктарды каалайбыз”, - деди өкүл.

Иш-чаранын жүрүшүндө облустун өнүгүшүнө салым кошкон айымдарга КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн атынан ардак грамоталар жана ыраазычылык каттары тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий