• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Караколдо III эл аралык жаш таланттардын фестиваль-сынагы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 18.07.22. /Кабар/. Каракол шаарында III эл аралык жаш таланттардын «KGтай – Таланттарга старт – 2022» фестиваль-сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосунда, «Каракол – Шериктештик өлкөлөрүнүн маданий борбору» программасынын алкагында өткөрүлөт.

Фестиваль 2022- жылдын 25-29-июль күндөрү өтүп, ага 7 жаштан 16 жашка чейинки окуучулар катыша алат.

Фестиваль-сынактын негизги максаты – жаш таланттарды аныктоо жана колдоо, катышуучу өлкөлөрдүн балдары менен жаштарынын достук, чыгармачылык байланыштарын кеңейтүү жана чыңдоо, ошондой эле жаштардын чыгармачылыгы аркылуу тынчтык жана улуттар аралык достук идеясын жайылтуу. Мындан сырткары, маданият жана искусство аркылуу улуттук жана көп маданий баалуулуктарды жайылтуу, ошондой эле Кыргызстандын маданияты жана салттары менен тааныштыруу багытын көздөйт.

Фестиваль вокал, хореография, аспаптык жанрды камтыйт.

Фестиваль-конкурста балдар өз таланттарын гана көрсөтпөстөн, алар үчүн оюн-зоок программасы уюштурулат: экскурсиялар, көлгө саякат ж.б.

Фестивалдын ачылышы 25-июль күнү кечинде болуп, гала-концерт менен коштолот. Ал эми 29-июлда Каракол шаарынын борбордук аянтында жеңүүчүлөрдү сыйлоо жана жабылуу аземи өтөт.

Учурда Россиядан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Тажикстандан таланттуу балдардын жана чыгармачыл топтордун келиши күтүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий