• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Караколдо Юстиция министрлигинин “Мен Конституция боюнча жашайм” акциясы өттү

Коом 0


Бишкек, 3ай /Роман Гайнанов – Кабар/. 5-май КР Конституциясынын күнүнүн алдында Юстиция министрлиги Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында “Мен Конституция боюнча жашайм” акциясын өткөрдү.

Иш-чаранын алкагында КР Юстиция министрлигинин адистери Каракол шаарындагы Кыргыз мамлекеттик юстиция академиясынын студенттерине лекция өтүштү.

Ысык-Көл облусунун юстиция башкармалыгынын жетекчиси Урмат Акулуевдин айтымында, Конституция – бул Кыргызстандын туруктуулугунун кепилдеги. “Жаш муун конституциялык укуктун келечеги алардан көз каранды экендигин түшүнүүсү керек. Эртең эле бүгүнкү студенттер өздөрүнүн жана бардык мекендештеринин укуктарын коргоого аттанышат. Жолугушууларда биз студенттерге Конституциянын кабыл алыныш тарыхын айтып берип, Негизги мыйзамда бекитилген башкы укуктар, милдеттер жана кепилдиктер ар бир жаран үчүн кандай мааниге ээ экендигин талкуулайбыз. Эң активдүү катышуучулар эстелик белектер менен сыйланат”, - деди ал.

Мындан тышкары, “Мен Конституция боюнча жашайм” акциясы Кыргызстандын бардык облустарында өтүп жатат. Буга чейин Ысык-Көл, Ош облустарында өттү. Бүгүн Баткен, Нарын жана Талас облустарында, 4-майда Чүй облусунда өтөт.

5-май КР Конституциясынын күнүндө КР Юстиция министрлиги Бишкек шаарындагы Д.Асанов атындагы Жеңиш паркында майрамдык иш-чара уюштурат.

Белгилей кетсек, акцияны өткөрүүгө Европа Биримдигинин “КРда укук үстөмдүгүн бекемдөөгө аракеттешүү” долбоору колдоо көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий