• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Караколдо күйөөсү бензин чачып өрттөгөн аялдын иши акыйкатчынын көзөмөлүндө

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.01.20. /Кабар/. Каракол шаарында 33 жаштагы келинге күйөөсү бензин чачып өрт койгон окуяны КРнын акыйкатчысынын Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү өз көзөмөлүнө алган. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирет.

Эскерте кетсек, 4-январь күнү Каракол шаарында Торгоев көчөсүндөгү кафенин жанынан эркек киши жарандык аялынын үстүнө бензин чачып өрт койгон. Күйүк алган аял облустук ооруканага жеткирилген. Дарыгердин маалыматы боюнча, учурда жабыркаган бейтаптын абалы туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий