• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Караколдо күндүзгү стационар ачылууда

Аймак 0

Бишкек, 06.07.20./Кабар/. Каракол шаарынын мэриясы Ысык-Көлдөгү микрокредиттик агенттик менен биргеликте 50 орунга ылайыкташтырылган күндүзгү стационар даярдады. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган стационар Гебзе жана Коенкозов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Толкун» спорт комплексинин базасында ачылды. Күндүзгү стационар бүгүн өз ишин баштайт.

Ведомствонун билдирүүсүнө таянсак, ошондой эле кошумча жаңы орундуктар даярдалууда.

Пикир

Оставить комментарий