• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Караколдо "KGtai - таланттарга старт- 2022" III эл аралык кароо-сынагы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Каракол шаарында 25-29-июль күндөрү "KGtai - таланттарга старт 2022" III эл аралык жаш таланттардын фестиваль кароо-сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сынак Маданият министрлигинин колдоосунда “Каракол шаары – 2022 жылы Шериктештиктин маданий борбору” программасынын алкагында өтөт.

Фестиваль эл аралык деңгээлде өтүп жаткандыгына байланыштуу катышуучу өлкөлөрдүн балдары менен жаштарынын ортосундагы достук жана чыгармачылык байланыштарды кеңейтүү жана чыңдоо, ошондой эле чыгармачылык аркылуу тынчтык жана улуттар аралык достук идеясын жайылтууну көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий