• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Караколдо китеп жарманкеси өтөт

Аймак 0

Бишкек, 10.01.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 29-январында Ысык-Көлдүн Каракол шаарында "Китепкөй Каракол 2022" маданий-интеллектуалдык кечеси өтөт. Бул тууралуу Каракол мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чара Каракол шаарынын мэриясынын колдоосу менен уюштурулууда. Иш-чарага бардык китеп сүйүүчүлөр катыша алат.

Китепкөйгө эл аралык билим берүү жана илимий изилдөө борборунун директору Алмаз Ибраев, коомдук ишмер, "Дем" китеп канасынын негиздөөчүдөрүнүн бири Майрамбек Жумалиев, БАБК долбоорунун негиздөөчүлөрүнүн бири Табылды Муратбеков, Каракол шаарындагы "Аскар Салымбеков" Бизнес мектебинин директору Айзада Тыныбекова, Айыл чарба министрлигинин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Замир Айылчыев жана башка көптөгөн коноктор катышмакчы.

Билет баасы 100 сом. Билет сатып алуу үчүн төмөнкү телефон аркылуу кайрылууга болот: 552664990

Пикир

Оставить комментарий