• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Караколдо коомдук аялдаманы бузуп кеткен адамдар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.09.17 /Кабар/. Каракол шаарында коомдук унаанын аялдамасынын тирөөчтөрүн кесип кеткен адамдар кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБ басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.

Маалымдалгандай, 5-сентябрда Токтогул көчөсүндөгү аялдаманын темирлерин белгисиздер ширеткич менен кесип кетишкен. Мэриянын эсеби боюнча келтирилген зыян 142 миң 246 сомду түзгөн.

Милиционерлер бул адамды табышты. Ал жер тилкесинин ээси 43 жаштагы Уланбек болуп чыкты. Өз көрсөтмөлөрүндө ал аялдама турган жер тилке анын апасы таандык экенин жана аны жеке ишкерлерге ижарага берип жатышканын түшүндүргөн. Ошол күнү ал ширеткич жалдап, өзү билип аялдаманын тирөөчүн кесип таштаган.

Шектүү мүлктү атайылап жок кылууну мойнуна алып, келтирилген зыянды төлөөгө милдеттендирилди. Ага карата шаардан чыкпоо чарасы кабыл алынды.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий