• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Караколдо коронавирустун жайылуу коркунучуна байланыштуу мал базары жабылды

COVID - 19 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы мал базары убактылуу жабылды. Бул тууралуу агенттикке мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим коронавирус илдетинин жайылуу коркунучуна байланыштуу кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирустун үч учуру катталган. Ооруга чалдыккандар үч эркек – Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун жашоочулары. Алар Сауд Арабиясына умрага барып келишкен.

Пикир

Оставить комментарий