• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Караколдо май куйуучу жайда 3 автоунаа өрттөнүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 02.10.18. /Кабар/. Каракол шаарындагы Карасаев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан май куйуучу жайдан өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, үч автоунаанын сырткы бөлүгү күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Андан сырткары Баткен облусундагы Кара-Булак айылдык округунда асфальт чыгаруучу ишканада 2,5 тонна асфальт жана 3 тонна битум күйгөн. Өрттүн себеби аныкталууда.

Пикир

Оставить комментарий