• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Караколдо мектеп окуучуларына жолдо жүрүү эрежелери тууралуу лекция окулду

Аймак 0

Бишкек, 19.05.22. /Кабар/. Каракол шаарында мектептер арасында “Дүйнөдөгү балдар” аталышындагы иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында балдарга жолдо жүрүү эрежелери жөнүндө мазмундуу лекция окулуп, жолдо ар бир адам өзүн кандай туура алып жүрүү боюнча маалымат берилди.

Ошондой эле жол кырсыктарды алдын алуу максатында мектеп окуучуларына айып короодогу кырсыка учураган унаалар көрсөтүлүп, эмне себептен жол кырсыгына учураганы боюнча кеңири маалымат берилди.

Келечекте жол инспектору болгусу келген окуучуларга Ысык-Көл облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын административдик имаратына экскурсия уюштурулуп, милиция кызматкерлеринин күнүмдүк ишмердүүлүгү менен тааныштырылды.

Пикир

Оставить комментарий