• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Караколдо мектеп окуучусу катуу сабалып каза болду

Аймак 0

Бишкек, 12.02.19 /Кабар/. Каракол шаарында мектеп окуучусу катуу сабалып каза болду. Бул тууралуу милиция кабарлады.

Бүгүн саат 8:23 шаардагы унаабазардын жанында жаш жигиттин сөөгү табылганы тууралуу милицияга маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери киши кыйналып өлтүрүлгөнүн аныкташкан. Ошондой эле анын жанында кандын тактары бар таяк табылган.

Маркум 18 жашта болгон. Ал Караколдогу №5 орто мектепте 11-класста окучу.

Ата-энесинин маалыматы боюнча, баласы 12-февралга караган түнү үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Тийиштүү экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий