• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Караколдо милиция кызматкери суу ташкыны учурунда үй-бүлөнү көчүрүүгө жардам берген

Аймак 0


Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. Каракол-Пристань айылчасында болгон суу ташкынынын учурунда милиция кызматкери Азат Эркинов кырсык болгон жерден үй-бүлөнү көчүрүүгө жардам берген. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 30-июлга караган түнү катуу жаан-чачындан улам Караколка суусунун көлөмү көтөрүлүп, Каракол шаарынын пляжынын аймагын каптап кеткен.

Суу ташкыны ижарачы Максат Турдубаев, келинчеги жана кичүүсү 8 айлык болгон эки кызы менен табигый кырсыкка учуруган, суу алар жашаган боз үйдү каптап кеткен. "Боз үйдөгү жылуу кийимдерди суу каптап, эмне кылаарымды билбей милициянын аймактык кызматкеринен жардам сурап чалдым. Азат Дароо келип, жардам берди. Ага ыраазычылык билдирем",-дейт жабырлануучу.

Милициянын аймактык кызматкери Азат Эркинов кырсык болгон жерге келип, жабырлануучунун үй-бүлөсүн коопсуз аймакка көчүрүүгө жардам көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий