• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Караколдо милиция кызматкерлери аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына белектерди тапшырышты

Аймак 0

Бишкек, 11.01.19. /Кабар/. Эски жаңы жылдын алдында Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык ИИБнин жашы жете электер менен иш алып барган инспекциясынын кызматкерлери шаардык мектептердин активистери менен биргеликте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына белектерди тапшырышты.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, укук коргоочулар балдарга мыйзамды сактоо, кылган кылмыштар үчүн жоопкерчилик, жеке жана коомдук коопсуздукту сактоо жана ошондой эле унаада жана көчөдө өзүн алып жүрүү тууралуу маалымат беришкен.

Ар бир бала милиция формасындагы аяз атанын колунан белектерди алган. Балдар милиция кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдиришкен.

Белгилүү болгондой, белектер кайдыгер карабаган жарандар тарабынан камдалган.

Баардыгы болуп 20 балага белек тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий