• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Караколдо милиция кызматкерлери эсин жоготкон адамга биринчи жардам көрсөттү

Аймак 0

Бишкек, 02.07.21. /Кабар/. Каракол шаарында милиция кызматкерлери эсин жоготкон адамга биринчи жардам көрсөттү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя 1-июлда Каракол шаарынын сейил багында түшкү мезгилде орун алган. Фонтандын жанынан өтүп бара жатып, 31 жаштагы Калыс өзүн начар сезип, эсинен танып кулаган. Так ошол мезгилде, окуя болгон жерде Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик милициясынын инспекторлору, милициянын лейтенанттары Талант Өмүралиев жана Эламан Сагынбеков бекитилген маршрут боюнча кызмат өтөп жатышкан.

Милиционерлер жигиттин эс-учун жоготуп, тротуардын оозуна башы менен жыгылганын байкашкан. Башы менен катуу урунгандан улам, жигиттин мурдунан кан тынбай аккан. Анын жанына жакындаганда, жигит эсин жоготуп алгандыгын байкашкан. Убакытты текке кетирбестен, милиция кызматкерлери аны көлөкөгө алып барышып, биринчи жардам көрсөтүп, тез жардам кызматынын дарыгерлерин чакырышкан.

“Аны оң капталына жаткырып, муздак суу менен бетин, денесин сүрттүк, үстүндөгү кийимдерин бир аз бошоттук. Аккан канын токтотууга аракет кылдык. Бир аз убакыттан кийин жигит эсине келип, тез жардам кызматы келгенге чейин өзүн жакшы сезип калды”, - дейт милициянын лейтенанты Талант Өмүралиев.

Милиция кызматкерлеринин айтымында, ички иштер органдарында кызмат өтөп жүргөндө ар кандай кырдаалдар болгон, бирок мындайга биринчи жолу туш болуп жатышат.

“Адамдын өмүрү - эң маанилүү баалуулук. Биздин ордубузда болсо, башка адамдар да жардамды көрсөтүшмөк. Биздин колубузда адамдын өмүрү турса жана ал жоопкерчиликти биз толук сезип турсак, албетте жардамыбызды көрсөтөбүз”, - деп сөзүн жыйынтыктады милициянын лейтенанты Эламан Сагынбеков.

Пикир

Оставить комментарий