• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Караколдо милиция тоңуп калган адамдын өмүрүн сактап калды

Аймак 0


Бишкек, 27.02.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусуна караштуу Караол шаарында туристтик милициянын кызматкерлери тоӊуп калган адамдын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-февралда болжол менен саат 10.30 чамасында бекитилген багытта кызмат өтөп жаткан Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын туристтик милициянын кызматкерлери туруктуу жашаган жери жок адамдын отургучта жаткандыгын көрүп калышкан.

"Сыртта абанын температурасы -8 градустан төмөн болуп, муздак шамал согуп, жаткан адамдын кийимдери кыроо басып калгандыктан, милиция кызматкерлери жардамга муктаждыгын билүү үчүн токтотушкан. Көрсө, ал көп убакыттан бери тышта жатып тоңуп калгандыктан, араң сүйлөп, манжаларын эптеп кыймылдатууга күчү жетпей калыптыр", - деп айтылат маалыматта.

Ысык-Көл ОИИБдин туристтик взводунун инспекторлору милициянын лейтенанты Элеман Сагынбаев, милициянын кенже лейтенанттары Берик Китатов жана Нурзада Иманбаевалар тоӊуп калган адамга биринчи жардам көрсөтүп, тез жардам кызматын чакырышкан.

Чакырылган жерге келген тез жардамдын дарыгерлери ага медициналык жардам көрсөтүп, милиция кызматкерлери менен бирге Кызыл жарым ай коомунун алдындагы жайга жеткиришкен.

Пикир

Оставить комментарий