• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Караколдо милициянын мобилдик топтору иштей баштады

Аймак 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында милициянын мобилдик топтору иштей баштады. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ысык-Көл облустук милициясынын башчысы Канат Жумагазиевдин тескемеси менен Каракол шаарында милициянын мобилдик топтору түзүлдү. Мындай чечимди кабыл алууга 2020-жылда облус борборунун коомдук жайларында кылмыштардын жана жоруктардын саны 154 учурга көбөйгөнү түрткү болду.

Шаардын аймагында коомдук коопсуздукту камсыз кылууда милициянын 5 мобилдик тобу тартылат. Ал эми 10 каттамда милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын 32 кызматкери жөө кайгуул иштерин жүргүзөт.

Милициянын мобилдик тобунун беш экипажы шаардын бөлүштүрүлгөн аймактарында коомдук тартипти жана жол коопсуздугун көзөмөлдөшөт. Мындан тышкары, тейлеген аймакта, үй-бүлөлүк зомбулукту кылган адамдар тарабынан коргоо ордеринин талаптарын кандай аткарып жаткандыгын да текшерип турмакчы.

Өз кезегинде милициянын мобилдик тобу чакыруу болгон жерге 3-5 мүнөттүн ичинде келишип, кылмышкерлерди окуя болгон жерде ыкчам кармоо үчүн тиешелүү чараларды көрүшөт.

Пикир

Оставить комментарий