• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Караколдо Нооруз майрамы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 21-март /Кабар/. Каракол шаарынын борбордук аянтында жазгы күн менен түн теңелген Нооруз майрамы белгиленди. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Куттуктоо сөзү менен Жогорку Кеңештин депутаттары, КРнын вице-премьер-министри Олег Панкратов, КР өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана башка жетекчилер сүйлөштү.
Майрамдын урматына облустук К.Жантөшев атындагы театрдын актерлору тарабынан театрлаштырылган оюн уюштурулган. Ошондой эле облустук уюмдар даярдаган боз үйлөрдүн арасында сынак өткөрүлдү.
Жармаңкеде жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн, элдин керектөөлөрүн өндүрүүчүлөрдүн бал, сүт жана нан азыктары сыяктуу товарлары коюлуп, улуттук спорт оюндары боюнча мелдештер өттү.

Пикир

Оставить комментарий