• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Караколдо рейд учурунда чоңдордун коштоосу жок жүргөн 9 бала аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 27-мартынан 29-мартына чейин Каракол шаарында "Өспүрүм-түн" рейди болуп өттү.

Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө түн ичинде ата-энесинин, же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жүргөн 9 бала аныкталды.

Алардын ата-энелерине карата КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 74-беренеси (Балдардын ден соолугуна, дене-бойлук, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын бузуу) боюнча протоколдор түзүлүп, ар бирине 1000 сом өлчөмүндө айыппул салынды.

Аныкталган башка фактылар боюнча материалдар КР мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн башка мамлекеттик органдарга өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий