• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Караколдо салмагы 6,6 кг болгон ымыркай жарык дүйнөгө келди

Ден соолук 0

Бишкек, 15.01.21. /Кабар/. Караколдун жашоочусу 38 жаштагы А.А., салмагы 6 кг 640 грамм болгон ымыркайда жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, ымыркай 14-январда Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүндө кесарево жолу менен төрөлгөн.

Министрликтен эне-баланын абалы жакшы экендигин кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий