• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Каракол шаарынын тургунунан мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал алынды

Аймак 0


Бишкек, 30.12.21. /Кабар/. Каракол шаарынын тургунунан мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, «Арсенал» операциясынын жүрүшүндө Ысык-Көл ОИИБине Каракол шаарынын тургуну үйүндө мыйзамсыз ок атуучу куралын сактап жүргөндүгү жөнүндө маалымат түшкөн.

Аталган маалымат облустук милициянын маалымат электрондук каттоо журналына катталып, тийиштүү тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында шектүү адамдын өздүгү аныкталган. Ал шаардын 44 жаштагы тургуну А.А. болуп чыкты.

Мыйзамдуу тинтүү иштеринин жүрүшүндө, анын үйүнөн чачылган түрдө белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал, ошондой эле 5,45 мм калибриндеги 4 даана жана кичи калибрдеги 3 даана ок табылып алынган.

Андан тышкары, «Арсенал» операциясынын алкагында Ысык-Көл ОИИБнин КМКнын кызматкерлери тарабынан 36 жаштагы Түп районунун тургунунун үйүнөн 7,62 мм калибриндеги 20 даана октору табылып алынды.

Аныкталган 2 факты боюнча материалдар юридикалык баа берүү үчүн облустук милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Соттук-баллистикалык экспертизасы дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий