• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Караколдо социалдык шаарча куруу долбоору талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 11.01.21. /Кабар/. Каракол шаарында социалдык шаарча куруу долбоору талкууланды, - деп билдирет өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалымака ылайык, облус жетекчиси Элчибек Жантаев "Ас-Салам" кайрымдуулук фондунун вице-президенти Бакыт Сарыбаевди кабыл алды.

Алгач Элчибек Жантаев фонддун жалпы жетекчилигине облус аймагында аткарган кайрымдуулук иштери үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Каракол шаарынын аймагында жалгыз бой энелер жана көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн социалдык шаарча куруу долбоору талкууланып, тиешелүү кызмат башчыларына жер маселесин карап, уюштуруу иштерине көмөк көрсөтүү тапшырмасы берилди.

Социалдык шаарча курулуп калса аймагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө турак-жай, мектептерден сырткары бала бакчасы, үй-бүлөлүк дарыгерлер пункту, мечит, дүкөнү менен болмокчу.

Пикир

Оставить комментарий