• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Караколдо өспүрүм Honda Odyssey унаасын айдап качканга шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.04.22. /Кабар/. Каракол шаарында 17 жаштагы өспүрүм Honda Odyssey унаасын айдап качканга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Каракол шаардык милициясынын нөөмөт кызматына жергиликтүү тургун кайрылып, шаардын кафелеринин биринин короосунда токтоп турган Honda Odyssey үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз адам айдап качканын билдирген. Арыз ээсинин айтымында, ага 7 миң 500 долларын түзгөн материалдык чыгым келтирилген.

Аталган факты каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин (“Автотранспорт каражаттарын айдап качуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Көрүлгөн ыкчам иш аракеттерден улам автоунааны айдап качкан жаран Балыкчы-Ананьево-Каракол автожолунун Кудургу айылынан милиция кызматкерлери тарабынан токтотулуп кармалган. Шектүү Каракол шаарынын 17 жашар А.Ж. аттуу тургуну болуп чыкты.

Шаардык соттун чечими менен шектүү ата-энесинин кароосуна калтырылды.
Тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий