• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Караколдо тез татым жайы күйүп жатат - видео

Кырсык 0


Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. Каракол шаарынын Горький көчөсүндө жайгашкан тез татым жайынан өрт чыкты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда өрт чектөөгө алынды, өрттү толук өчүрүү боюнча иштер жүрүп жатат. Жабыркагандар тууралуу маалымат такталууда, толук маалымат кийинчерээк берилет.

Күбөлөрдүн билдиришинче, газ баллону жарылып кеткен.

Пикир

Оставить комментарий