• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Караколдо тез татым жайындагы өрттөн каза болгон кыздын өздүгү такталды, 6 адам жабыркаган

Кырсык 0

Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. Каракол шаарындагы тез татым жайынан чыккан өрттүн кесепетинен 20 жаштагы А.Н. аттуу кыз каза болгон. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ошондой эле кырсыктын кесепетинен 6 адам ар түрдүү күйүк жаракат алышкан. Жабырканган жарандар тез жардам кызматы аркылуу шаардык ооруканага жеткирилген. Абалдары канааттандырарлык.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ошондой эле тез тамактануучу жайда газ баллон жарылганын тастыктады.

Пикир

Оставить комментарий