• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Караколдо өткөн дем алыш күндөрү түнкүсүн көчөдө жүргөн 12 өспүрүм аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Өткөн дем алыш күндөрү Каракол шаардык милициясынын демилгеси менен “Өспүрүм түн” аталышындагы иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Шаардык милициянын балдар менен иштөө инспекциясынын инспекторлору, милициянын участкалык ыйгарымдуу укуктуу өкүлдөрү көчмө кабылдама менен жашы жете элек өспүрүмдөрдүн түнкүсүн үйдөн тышкары болушуна, өз алдынча көчөлөрдө жүрүүсүнө, кылмыштуулуктун деңгээлин азайтуу жана өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн алдын алуу профилактикалык иш-чараларды өткөрүштү.

Анткени статистикалык маалыматтарга караганда, дүйнөдө кылмыштардын көбү түн ичинде жасалат. Иш-чаранын жүрүшүндө түнкү клубдар, компьютердик оюн жайлар, кафе-барлар текшерилди. Каракол шаарынын Пушкин атындагы багында өз алдынча кароосуз жүргөн 12 өспүрүм аныкталып, ата-энесине эскертүүлөр берилип, тапшырылды.

Эскертип кетсек, “Балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” мыйзамынын негизинде жаш өспүрүмдөрдүн мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок түнкү убакытта, 22:00дөн кийин тышта жүрүүсүнө тыюу салынат.

Ал эми Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 74-беренесине ылайык, жогорудагы талаптарды аткарбагандыгы үчүн жаш өспүрүмдөрдүн мыйзамдуу өкүлдөрүнө 1 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.

Пикир

Оставить комментарий