• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Караколдо тойго келген коноктордун бири көз жумган

Кырсык 0

Бишкек, 06.12.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарына тойго конок болуп барган киши бийлеп жатып каза болгон. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул окуя бир-эки күн мурун жергиликтүү ресторандардын биринде өткөн үлпөт тоюнда болгон. 54 жаштагы жаран бийлеп жатып, өзүн начар сезген. Ооруканага алып келгенде, ал каза болгондугу аныкталган.

Аталган кырсык милиция тарабынан каттоого алынган, бирок кылмыш түзүмү жок. Маркум буга чейин ооруп жүргөн, ошондуктан жакындарынын эч кандай дооматы жок.

Пикир

Оставить комментарий