• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Караколдо турак үйдү суу каптоо коркунучу жоюлду

Аймак 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы "Каракол" чоң суусу тоңуп, муз астындагы суу турак үйдү каптаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жерине ыкчам түрдө 4 куткаруучу тартылып, музду чагып суунун нугун буруу аракетин көрүшкөн. Аба ырайынын кескин суук жана түн ичи болгондуктан, куткаруучулар жетиштүү деңгээлде ишти аткарып бүтө алышкан эмес.

Буга байланыштуу бүгүн да аталган жерге куткаруучулар барып, тийиштүү иш-аракетти жүргүзүшүп, суу каптоо коркунучу жоюлду.

Такталган маалыматка ылайык, жабыркагандар жана келтирилген материалдык чыгымдар жок.

Пикир

Оставить комментарий