• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Караколдо уюлдук телефондорду уурдаган 21 жаштагы кыз кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.07.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында бир катар уюлдук телефондорду уурдоо фактысынын бети ачылды, - деп билдирет облустук ИИБдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Каракол ШИИБне шаардын «Ак-Тилек» базарынын ичинде жана жакын жеринде жайкашкан соода түйүндөрүндө иштеген 3 ишкер арыз менен кайрылышкан.

Анда арыз ээлери «Самсунг-Гелакси» үлгүсүндөгү 3 даана уюлдук телефонду уурдатып жиберишкендиктерин билдиришкен.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесине (“Уурдоо”) ылайык кылмыш иши козголгон.

Атайын ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө Жети-Өгүз районунун Липенка айылынын 21-жаштагы тургуну Ш. Рыкүл кармалган.

Кармалган кыз күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, телефондорду кантип уурдагандыгы жөнүндө көрсөтмө берген.

Учурда иликтөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий